УКМК: ИИМдин мурдагы кызматкери баңгизат сатууга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) баңгизат сатуу менен алектенгендерди коргоп жүргөн Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ИИМдин мурдагы кызматкери, милициянын полковниги Р.Ю.М. коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө жалпы салмагы 11,51 кг баңгизатын алып өтүү аракети менен кармалган А.М.А., О.А.Ы. жана К.К.М. аттуу жарандарга жардам берип жүргөнү аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Р.Ю.М. кармалып, үйүн тинтүү учурунда баңгизаты табылган.

 «Бул жагдай анын баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экенин тастыктады», — деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Учурда кармалган жаран Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты