Министр: Кыргызстанда ун, кумшекер жана өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар

  • 2 года мурун

Кыргызстанда ун, кумшекер жана өсүмдүк майынын жетиштүү кору бар. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-мартта маалымат жыйынында билдирди.

Министр өлкөдө азык-түлүктүн тартыштыгы боюнча туура эмес маалымат тарап жатканын айтып, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды:

«Азыр ун, өсүмдук майы, кумшекер жана биринчи керектөөдөгү азык-түлүктөрдүн баары мамлекеттин көзөмөлүндө. Андыктан дүрбөлөңгө түшпөңүздөр. Запастар толукталып турат. Мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнүп жатат”.

Ажикеев учурда өзү жетектеген мекеме өлкө аймагындагы соода түйүндөрүнө миң тонна кумшекер, 500 миң литр өсүмдүк майын таратып жатканын айтты. Анын айтымында, ӨКМ тараткан кумшекердин килограммы 70 сомдон, өсүмдүк майынын литри 130 сомдон сатылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты