Кыргызстанда дары-дармектин 2-3 айга жете турган запасы бар

  • 2 года мурун

Кыргызстандын фармацевтика фирмаларында эки-үч айга жете турган дары-дармектин запасы бар. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Биздин рынокто ажиотаж болуп кетпесин деп өтө зарыл дары-дармектерди каттоосу жок Кыргызстанга алып келүү боюнча долбоор даярдадык. Долбоор макулдашууга кеткен. Азыр мониторинг жасап жатабыз, дарылар жок болуп кете тургандай көрүнүш жок. Фирмаларда эки-үч айга жете турган дары-дармек бар экен. Азыр баага көзөмөл жүргүзүүнү убактылуу, беш айга токтотуп туралы деп жатабыз. Анткени доллар өскөнүнө байланыштуу фирмалар өздөрүнө пайдасы жок дарыларды алып келбей коюшу мүмкүн», — деди Кагаздиев.

Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында доллардын баасы өскөнүнө байланыштуу дары-дармек баасы да өсүшү ыктымал экени айтылды. Кагаздиевдин айтымында, Кыргызстанга дары-дармектин 5% Украинадан, 16% Орусиядан алып келинет.

Комитет төрайымы, депутат Динара Ашимова мамлекеттик дарыканаларды ачуу маселеси COVID-19 пандемиясы учурунан бери көтөрүлүп келгенин белгиледи. Эл өкүлү Дастан Бекешев дары-дармек кымбаттап жатканын, анын ичинде инсулинге баа өскөнүн кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты