Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин беш мүчөсү ант берди
- 2 года мурун
Жогорку Кеңештин 9-марттагы жыйынында Министрлер кабинетинин беш мүчөсү ант берип, кызматына расмий киришти.
Алар: тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.
Муну бөлүшүү