Президент Садыр Жапаров үч министрди дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров үч министрли дайындоо тууралуу жарлыктарга кол койду.
Жарлыкка ылайык:
-Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри;
-Талантбек Солтобаев транспорт жана коммуникациялар министри;.
-Акыл Токтобаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды.
Кечээ, Жогорку Кеңеш аталган үч министрди дайындоого макулдук берген.
Буга чейин Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулду. Бообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министринен, Медер Машиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан бошотулган.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




