АЭСке жасалган чабуулга байланыштуу Зеленский чукул кайрылуу жасады

  • 2 года мурун

Украинадагы Запорожье атомдук электростанциясына жасалган орус армиясынын чабуулуна байланыштуу президент Владимир Зеленский 4-марттын таңында чукул кайрылуу жасады.

«Европа ойгонуш керек. Европадагы эң ири атомдук электростанция өрттөнүп жатат. Орусиянын аскерлери Украинанын Энергодар шаарында Запорожье атомдук электростанциясын аткылап жатат. Ал жакта алты энергоблок бар. Чернобылда бир эле энергоблок жарылган», — деди Зеленский. Ал Орусиянын бул аракетин «өзөктүк террор» деп атады.

4-мартка караган түнү Энергобар шаарында жайгашкан Европадагы эң ири атомдук электростанцияга ракеталык сокку урулуп, өрт тутанганы маалым болгон.

Орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан улам өрт өчүрүүчүлөр атомдук электростанцияга бир топко жакындай албай турушкан.

Андан кийин Украинадагы Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух өрт өчүрүүчүлөр АЭСке кое берилгенин билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, ракеталык сокку биринчи энергоблокко тийген. Ал жакта план боюнча оңдоп-түздөө иштери башталган. Бирок ичинде өзөктүк отун бар болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты