Кыргызстандын БУУга мүчө болгонуна 30 жыл толду

  • 2 года мурун

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин өлкөнүн БУУдагы мүчөлүгүнүн отуз жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Гутерриш куттуктоосунда отуз жыл ичинде БУУга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирип, алдыда байланыштар мындан ары да чыңдалат деген ишенимин айткан.

«Акыркы отуз жылдын ичинде биз аймактагы жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана социалдык прогрессти камсыз кылуу үчүн барган сайын тыгыз өнөктөштүк мамилелерди түздүк. Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарына карай алга жылып, глобалдык чакырыктарды чечүүдө көп тараптуу системанын маанилүү жактоочусу болуп саналат», — деп айтылат баш катчынын куттуктоосунда.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна 1992-жылы 2-мартта кабыл алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты