“Нур ТВ” телеканалынын кызматкеринин сабалышын милиция териштирүүдө

  • 2 года мурун

Ош шаарында “Нур ТВ” телеканалынын оператору Тимурлан Эрнис уулу сабалды.

Каналдын редактору Мээрим Абдиллажанованын айтымында, оператордун оозу жырылып, ооруканага кайрылды.

Маалыматка ылайык, 28-февралда оператор менен кабарчы вице-мэр Жасур Азимовго интервью алганы барышкан. Баштапкы маалыматтарга караганда журналисттер менен кабылдамада отурган жарандар кезек талашып чыр чыккан жана алардын бири операторду уруп жиберген.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын кабарлады.

«Нур ТВ» 2017-жылдан бери санарип пакетте 24 саат обого чыгат. Баш кеңсеси Ошто жайгашкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты