Жапаров менен Путин Украинадагы кырдаалды талкуулады

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу 26-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта өлкө башчылары күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди талкуулаганы, эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышканы айтылат.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте кайрылуу жасап, Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты