Киевде метро ишин токтотуп, эл жашынууга гана колдонулуп жатат

  • 2 года мурун

Украинанын Ички иштер министрлиги Орусиянын аскерлери Киевдин оң жээгинен сол жээгин жарып өтүүгө аракет кылып жатканын кабарлады. Бул тууралуу «Азаттыктын» орус кызматы жазды.

Маалыматка ылайык, Киевдеги метро токтоп, азыркы тапта эл жашынууга гана колдонулуп жатат.
Вышгород районунан Киевди көздөй Орусиянын чопкутталган 100 техникасы бара жатканын «Униан» агенттиги кабарлаган.

Согуш техникасына ак түстөгү V тамгасы жазылып, аскерлердин жеңине ак скотч жабыштырылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты