Тогуз-Тородо көчкү басып калгандардын биринин сөөгү табылды

  • 2 года мурун

Түндүк-түштүк альтернативдүү автожолунун (Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад) 340-чакырымында туннелдин Тогуз-Торо тарабында көчкү басып калган 24 жаштагы Адилет Көккөзовдун сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маркумду туугандары менен куткаруу кызматы 14-февралдан бери издеп жатышкан. Куткаруучулар аны өзү айдап жүргөн жүктөгүч техникасынын ичинен табышкан.

Азыркы учурда кар көчкү алдында калган «Чайна Роуд» ишканасынын үч жумушчусу изделип жатат.

Белгилей кетсек, 18-февралда Адилет Көккөзовдун апасы «ПолитКлиника» медиасына кайрылып, ӨКМдан куткаруучулар келбей жатканын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты