Киевде көп кабаттуу турак үйгө ракета тийди

  • 2 года мурун

Орусиялык ракета Киевдин Соломенский районундагы Лобановский проспектисиндеги көп кабаттуу үйгө тийип, 18-20-кабаттар талкаланды. Ракетанын түшкөн видеосу Телеграм каналдарда тарады.

Жарылуу күчүнөн коңшу үйдүн терезеси күбүлүп түштү. Үйдөн анча алыс эмес жерде медициналык мекеме жайгашкан. Куткаруучулардын маалыматында, каза тапкандар жана жабырлануучулар жок. Үйдүн жашоочулары чабуул болгон маалда баш калкалоочу жайда болушкан.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Москва Украинанын “демилитаризациясын” талап кылып, бул өлкө НАТОго мүчө болбошу керек экенин билдирип жатат.

Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскери жок кылынганын маалымдады. Москва муну ырастай элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты