Зеленский кезектеги кайрылуусун жасап, Киевде экенин билдирди

  • 2 года мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский украин элине кезектеги кайрылуусун жасап, «армияны курал таштоого чакырды деген» жалган маалыматка ишенбөөгө үндөдү.

«Кутман таң, украиндер. Түндө мени курал таштоого чакырды деген көп маалыматтар пайда болду. Мен бул жердемин, биз эч кандай курал таштабайбыз, биз армиябызга, мамлекетибизге ишенебиз. Биз аны коргойбуз. Украинага даңк», — деди Зеленский.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Москва Украинанын “демилитаризациясын” талап кылып, бул өлкө НАТОго мүчө болбошу керек экенин билдирип жатат.

Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскери жок кылынганын маалымдады. Москва муну ырастай элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты