Экономика министри кыргызстандыктарды азык-түлүк коопсуздугу боюнча чуу жаратпоого чакырды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги ЕАЭБдеги өнөктөш өлкө — Орусияга каршы санкциялар киргизилгенине байланыштуу антикризистик чаралардын планын иштеп чыгууну баштады. Бул тууралуу министр Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.

«Сиздер улуттук валютанын долларга, рублга жана теңгеге карата кескин туруксуздугуна күбө болдуңуздар. Бир күн мурун мен кесиптештерим – Казакстандын жана Орусиянын экономика министрлери менен сүйлөштүм. Бул өлкөлөр да улуттук валютаны жана улуттук экономиканы колдоо боюнча шашылыш планды кабыл алышат», — деди министр.

Мындан тышкары ал Нефтетрейдерлер ассоциациясы, «Дордой» базарынын жеткирүүчүлөрү, ошондой эле ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү жана башкалар менен жолугушуу өткөргөнүн айтып, жарандарды азык-түлүк коопсуздугу боюнча чуу жаратпоого чакырды.

«Азыр республика боюнча азык-түлүктүн көлөмү жетишерлик. Ал эми дан, ундун 6 айлык запасы бар. Баалар кескин жогорулаган учурда өкмөт социалдык мааниге ээ продукцияларды жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды көрөт жана алып-сатарлык маанайга жол бербейт», — деди министр.

Орусия 24-февралда Донбасста «атайын аскердик операция уюштуруу» деген жүйө менен Украинага чабуул койгон. Андан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Буга байланыштуу АКШ, Евробиримдик, Канада, Улуу Британия баштаган бир катар өлкөлөр Орусияга катаал санкцияларды киргизүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты