Бишкек шаарынын мэрлигине Эмил Абдыкадыров дайындалды

  • 2 года мурун

Эмил Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 24-февралда борбор калаанын мурдагы башчысы Айбек Жунушалиев кызматтан бошотулуп, президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жетекчи болуп дайындалганы кабарланган.

Эмил Абдыкадыров 64 жашта. Эмгек жолун 1977-жылы «Фрунзеэнергокурулуш» ишканасында жыгач уста болуп иштөө менен баштаган.

2002-2005-жылдары вице-мэр кызматын, 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган.
1990-жылдан 2004-жылга чейин үч жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

2020-жылы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынын катарында катышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты