Бишкек шаарынын мэри кыргыз-түрк “Манас”  университетинин жолу ачыларын айтты

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кыргыз-түрк “Манас” университетинин жолу ачыларын айтты.

-Мен айтар элем, “Манас” университети, Миңжылкиев көчөсү боюнча суроону жабыш керек, ачылат жол. Жолду ачабыз, коопсуздук маселесин чечебиз. Талап коебуз, университетке да талап коебуз,-деди Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев.

-Үч күндөн бери университеттин студенттери кандай билим, кандай тарбия алып жатат, деңгээлин көрдүк, орусча да сөгүп жатасыңар, кыргызча да сөгүп жатасыңар, уялбай ошону Фейсбукка чейин жазып жатасыңар, менин өзүмө дагы. Бул кандай деген тарбия?-деди Жунушалиев.  

Бишкек шаарынын мэри Жунушалиев борбор шаардын унаа жол тармагын өнүктүрүү долбоорлорунун ишке ашырылышы менен таанышуу учурунда Чыңгыз Айтматов проспекти боюнча «Фрунзе» турак жай комплексине, ошондой эле «Ала-Арча» соода-оюн-зоок борборуна кирүүчү жолдорду уюштуруу пландалып жатканын билдирген.

Мындан тышкары жаңы эки жол куруу жана светофор орнотуу маселеси каралды:
Миңжылкыев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен Тыналиев көчөсүнө чейин, жалпы узундугу 1,3 км (2 тилке), Арстанбек Дүйшеев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин, жалпы узундугу 1,1 км (4 тилке).

Маалыматта Миңжылкыев көчөсүн куруу учурунда жаңы жол окуу имараттарына өтө жакын өтө тургандыктан, кыргыз-түрк «Манас» университетинин айрым чектеш аймактары долбоорго тартылары айтылган. Жөө жүргүнчүлөрдүн, анын ичинде студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер алдындагы өтмөктөрдү куруу каралган.

Аталган көчмө жыйын өтүп, мэриянын паны белгилүү болгондон кийин Бишкек шаарынын тургундары Кыргыз-Түрк “Манас” университети аркылуу өткөрүү планына каршы чыгышкан. Алар социалдык тармактарда каршы пикирлерин билдирип жатышат.  

Кыргыз-түрк «Манас» университети жайгашкан көрктүү жер жогорку окуу жайдын гана эмес, жалпы эле шаардыктардын, анын ичинде «Жал» кичи районунда жашагандардын жашыл аймагы, эс алуучу да жери болуп калган. Эгер унаа өтүүчү жолго айланса, анда студенттерге, шаардык эс алуучуларга да тоскоол келтирет. Жашыл аймакка доо кетет. Университеттин имараттарынын аралыгы бөлүнүп калары айтылууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков Жалдагы Миңжылкиев көчөсүнүн ачылышы тууралуу парламентте маселе көтөрдү. Ал мэриянын жол тыгындарын азайтуу боюнча көрүп жаткан иштерине каршы эмес экенин, бирок жаңы жолдорду ачууда университеттин кампусун бузуу туура эместигин айтты.

“Ал жер бир гана студенттер эмес, «Жалдын» жашоочулары үчүн дагы өзгөчө жашыл аймак. Жок дегенде, кампустун чети менен айланып өтүүчү же жер алдынан өтүүчү жолдорду карап көрсөңүздөр” деди депутат Муратбеков.

Сүрөт: кыргыз-түрк «Манас» университети. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты