“Дордой” жана башка базарларды көрктөндүрүү иштери жүрүүдө

  • 2 месяца мурун

23-февралда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагындагы базарларды көрктөндүрүү маселеси боюнча текшерди.

“Дордой” базарында жолду кеңейтүү, жаңы жол куруу пландалууда.

Мындагы көлмөнүн жээгин камыштардан тазалоону жана көрктөндүрүү иштерин улантуу керек. Бүгүнкү күнгө чейин суу сактагычтан 20 тоннадан ашык таштанды чыгарылган.

Свердлов райондук администрациясына Муниципалдык мүлк  башкармалыгы, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы, Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте жол курууга даярдык иштерин күчөтүү тапшырылды. Айрыкча, долбоорду ишке ашырууга тоскоол болгон мыйзамсыз объектилер боюнча чараларды көрүү зарыл.

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы үчүн жашыл аймактарга  автоунааларды токтотуу маселесин көзөмөлгө алып, тиешелүү чараларды көрүү милдети турат.

Мындан тышкары, тиешелүү кызматтарга базардын аймагында көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайларды куруу үчүн мүмкүн болгон тилкелерди кароо жана өз алдынча иштеп жаткан объектилерди аныктап, алардын ишин токтотуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

“Динар” жана “Чынар” базарларында

Айбек Жунушалиев “Аламүдүн-1” кичи районунда жайгашкан «Динар» жана «Чынар» базарларынын аймагын да текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө «Динар» базарынын ижарачысына тротуарларды мурдагы абалына келтирүү тапшырылды. Свердлов акимиатына тротуарды асфальттоо жана айланасын жашылдандыруу маселесин иштеп чыгуу милдети жүктөлдү.

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен биргеликте санитардык талаптардын сакталышын жана объектилердин мыйзамдуулугун текшерүү, ошондой эле мыйзамсыз объектилерди демонтаждоо иштерин баштоо тапшырылды.

Соодагерлер менен жолугушууда шаар башчысы базарлардын аймагындагы бардык иш-чаралар мыйзам алкагында жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр Айбек Жунушалиев Свердлов районунун башчысына, муниципалдык мүлк  башкармалыгынын жетекчисине жана транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директоруна сөгүш жарыялады. Свердлов районунун башчысына базарларды көрктөндүрүү иштерин жеке көзөмөлүнө алып, аймактарды талаптагыдай абалга келтирүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты