Рублдун куну кескин түшүп кетти

  • 2 года мурун

Доллар менен еврого карата рублдун куну он пайызга түшүп кетти. Евро жүз рублдан өйдө болсо, доллар 90 рублга жакындап калды. Мындай учур Орусиянын тарыхында биринчи жолу болуп жатат.

Кыргызстандын коммерциялык банктарында жана акча алмаштыруучу жайларында рубль орточо 0,739 сомдон сатылып алынып, 1,071 сомго сатылууда.

Каржы базарын туруктуу кармоо үчүн Орусия Банкы интервенцияны баштады. Металлинвестбанк төрагасы бул окуяны “катастрофа” катары баалап, Борбордук банк тыныгуу жарыялашы мүмкүн деген билдирүү менен чыкты.

Рублдун кунунун түшүп кетиши Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу болуп жатат. АКШ жана Европа өлкөлөрү буга байланыштуу Орусияга бир катар санкцияларды киргизүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты