Украинада аскердик абал киргизилди

  • 2 года мурун

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөгө аскердик абал киргизилгенин жарыялады.

Бул тууралуу ал украиналыктарга кайрылган учурда билдирди:

«Урматтуу Украинанын жарандары! Бүгүн Орусиянын президенти Путин Донбасста атайын аскердик операция башталганын жарыялады. Орусия биздин аскердик инфраструктурабызга сокку урду. Биз өлкөнүн бардык аймагына аскердик абал киргизебиз».

Мындан тышкары ал жарандарды дүрбөлөңгө түшпөй, мүмкүнчүлүк болсо үйдөн чыкпоого чакырды.

«Мен Украинадагы бардык жарандарды үйлөрүндө болууга чакырам. Армия иштеп жатат. Биз иштеп жатабыз. Дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Биз күчтүүбүз, биз баарына даярбыз. Биз жеңебиз. Украинага даңк», — деди Зеленский.

Бүгүн, 24-январда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик оперция башталганын жарыялады. Ал оперциянын максаты Украинаны демилитаризация жана денацификация кылуу экенин жана «жайкын тургундарга каршы кандуу кылмыш кылгандарды» жазага тартуу экенин билдирди.

Украинада баш калаа Киев баштаган бир канча шаарда жардыруу жана атышуу болуп жатканы кабарланууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты