УКМК: «Кыргызжылуулукэнерго» ишканасында дагы бир коррупциялык схема аныкталды

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтиргенин аныктаганын билдирди.

Атайын кызматтан маалымдашкандай, «Кыргызжылуулукэнерго» ишканасынын жылуулук менен жабдуу боюнча Канттагы филиалынын кызматкерлери керектелген мазуттун тарифин жасалма жол менен жогорулатуу, жогорулатылган баадагы товарларды жана кызматтарды сатып алуу менен мамлекетке 22,5 миллион сом зыян келтиришкен.

Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тийиштүү текшерүүлөр жүргүзүлүп, бюджеттеги каражаттарды көмүскө жүгүртүү боюнча туруктуу мыйзамсыз схемалардын бар экендиги тастыкталган.

Учурда аталган коррупциялык схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка каналдарды аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, өткөн айда УКМК тарабынан «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Орлов жылуулук-сууканал ишканасынан да ушундай эле мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке 32,9 миллион сомдук зыян келтирилгени аныкталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты