Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөттү (сүрөт)

  • 2 года мурун

Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык жардам көрсөттү. Аскердик-техникалык мүлктү тапшырып берүү аземи бүгүн, 18-февралда Улуттук гвардиянын 10126 аскер бөлүгүнүн аймагында өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Усубалиев, Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, Улуттук гвардиянын командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

«Аземдин жүрүшүндө Таалайбек Усубалиев Түркиянын дипломатиялык миссиясынын башчысына Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам көрсөткөндүгү жана Түркиянын аскердик окуу жайларында кыргыз аскер кадрларын даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз тарап мындан ары дагы эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Жардам катары келген техниканын ичинде байланыш каражаттары, автомобиль техникалары жана башка жабдуулар бар.

Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөттү (сүрөт)
Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөттү (сүрөт)
Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөттү (сүрөт)
Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөттү (сүрөт)
Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөттү (сүрөт)
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты