Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду башкармалыгынын мүчөсү Мамытов үй камагына чыкты
- 2 года мурун
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын коррупцияга шектелип кармалган мүчөсү Нурлан Мамытов үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди кечээ, 15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган.
Бул тууралуу маалыматты аталган мекемден ырасташты.
Нурлан Мамытов 15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан Жазык кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алгач Биринчи май райондук соту Мамытовду 8-мартка чейин камакка алуу чечимин чыгарганы айтылган.
Муну бөлүшүү