Депутат Төрөбаев ЕАЭБдеги келишимдерди кайрадан карап чыгууну сунуштады

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирүүдө түзүлгөн келишимдер бузулуп жатканын айтып, аны кайрадан карап чыгууну сунуштады.

«ЕАЭБге киргенде биз төрт эркиндик алганбыз. Бул товардын жүрүшү, жумушчулардын кыймылы, капитал жана кызмат көрсөтүү. Казакстанда биздин ишкерлер көп көйгөйлөргө туш болуп жатат. Жумушчуларга медициналык кароодон өтүш керек деген шылтоолор менен бизге чектөө болуп жатат. Капиталдын жүрүшү дегенде — биздин балдар Кыргызстанга акча которууда дагы проблемалар бар. Кызмат көрсөтүүдө дагы көйгөйлөр бардыр. Биримдикте биздин министрлерибиз бар. Алар бул жерде кызматы жок болгондо кооз сөздөрдү сүйлөйт эле. Алардын үнү чыкпай жатат. Кайра эле биздин ишкерлер, жарандарыбыз кыйнала береби?», — деди Төрөбаев.

Эл өкүлү мыйзамдагы тоскоолдуктар боюнча айтуу зарылдыгын кошумчалады. Парламент төрагасы Талант Мамытовду жакында боло турган Орусия сапарында ар бир келишимди карап, тоскоолдуктар тууралуу ачык-айкын айтуусун сунуштады.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты