Кыргызстандык лыжачы Гордеев Олимпиада оюндарында марага жетпей калды

  • 2 года мурун

Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев Бээжин кышкы Олимпиада оюндарында алгачкы жарышка катышып, марага жетпей калды.

Ал слалом дисциплинасы боюнча жарышка түшкөн. Бул дисциплина боюнча жарышка жалпы 88 спортчу катышып, анын 52си марага жетти.

Гордеев оюн башталганда эле жыгылып түшүп, андан ары жарышты уланта албай калды. Ал Кытайда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан барган жалгыз спортчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты