Быйыл жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет

  • 2 года мурун

2022-жылы Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, маданият министри Азамат Жаманкулов Сыдыкбековдун үйүнө барып, жазуучунун уулу Сабырбек Сыдыкбеков менен жолукту.

Ал үйдүн тарыхы жана алдыда жасала турган иш-аракеттери тууралуу айтып берди. Жаманкулов быйыл Сыдыкбековдун 110 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгилене тургандыгын, жазуучунун китептерин санариптештирүү, жеке буюмдарын сактоо үчүн өзү жашаган үйдү музейге айлантууга көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди.

Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылдын 14-майында Ысык-Көлдүн Түп районунда туулган. «Күрөш» деген алгачкы жыйнагы 1933-жылы жарык көргөн. Жазуучу атактуу “Биздин замандын кишилери”, “Зайыптар”, “Тоо балдары”, “Тоо арасында”, “Көк асаба” романдарынын автору.

«Манас» эпосун изилдөөгө жана басып чыгарууга көрүнүктүү салым кошкон. Орус классиктеринин чыгармаларын кыргызчага которгон. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты