ИИМдин мурдагы жетекчиси Молдомуса Конгантиев дүйнө салды

  • 2 года мурун

Мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиев 63 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Kaktus.media маркумдун жакындарынын маалыматына таянып жазды.

Конгантиев 1958-жылы 31-мартта Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Сай шаарында туулган.

Ички иштер министрлигин 2008-2010-жылдары жетектеген. Ага чейин аймактарда ички иштер органдарында иштеген. 2005-2008-жылдары Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгын жетектеген.

Конгантиев юридика илимдеринин кандидаты. Ички иштер органдарында 1979-жылдан тарта кызмат өтөй баштаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты