Фарид Ниязовдун абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду дагы эки айга камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Ниязовдун адвокаты Замир Жоошев билдирди.

«Октябрь окуялары боюнча жазык иштин алкагында Фарид Ниязов дагы эки айга тергөө абагында калтырылды. Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин башталбаган соттук териштирүүнүн мөөнөтү дагы эки айга — 18-апрелге чейин узартылды», — деп жазды Жоошев өзүнүн Фейсбук баракчасына.

Ниязов 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча кармалып, 2020-жылдын октябрындагы башаламандык учурунда бошонуп чыккан. Кийин ошол эле жылдын 9-10-октябрындагы окуялар үчүн кайра кармалган. Фарид Ниязов “Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүүгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинде дагы шектүү катары өтүп жатат.

Фарид Ниязов өзүнө карата кылмыш ишти “саясий басым” деп баалап келет. 2021-жылы 23-октябрда жылдык маалымат жыйынында Жапаров Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты