Депутат Акбөкөн Таштанбековго карата козголгон кылмыш иши кыскартылды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековго карата козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимди бүгүн, 11-февралда борбор калаанын Свердлов райондук соту чыгарган.

«Кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу иш өндүрүшү кыскартылды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр декабрь айында Акбөкөн Таштанбековду «Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айыптап камакка алган.

Атайын кызмат анын шайлоонун үгүт өнөктүгү учурунда социалдык тармактарда тарап кеткен «видеосу коомчулукта терс пикир жараткан» деп билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) сот чечими жоктугуна байланыштуу Таштанбековго 31-декабрда депутаттык күбөлүк менен төш белги тапшырган.

2022-жылдын 11-январында Бишкектеги Свердлов райондук соту Таштанбековду үй камагына чыгарган. Эки күндөн кийин ал Жогорку Кеңеште ант берип, кызматка киришкен.

Акбөкөн Таштанбеков №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоодо 15, 99% добуш алып, башка атаандаштарынан озуп чыккан.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты