Жогорку соттун төрагасынын орун басары Качыке Эсенканов кызматтан бошотулду

  • 2 года мурун

Жогорку соттун төрагасынын орун басары Качыке Эсенканов кызматынан мөөнөтүнөн мурун бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Эсенкановдун ордуна төраганын орун басары болуп Жогорку соттун мурдагы төрайымы Нургүл Бакирова дайындалды.

Бакировадан тышкары орун басарлыкка Нурлан Мусаев жана Айбек Давлетов дайындалды.

Белгилей кетсек, Нургүл Бакирова 31-январда Жогорку соттун төрайымы кызматынан өз эрки менен кетүү тууралуу арыз жазган. Анын ордуна Садыр Жапаровдун мурдагы адвокаты Замирбек Базарбеков төрага болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты