Бишкектен Улан-Баторго түз аба каттамын ачуу пландалууда

  • 2 года мурун

Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы 6-марттан тартып Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор маршруту боюнча түз каттам ачууну пландап жатат. Бул тууралуу жарандык авиация департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, департаменттин директору Александр Настаев менен Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содном жолугуп, эки өлкөнүн ортосунда туруктуу аба каттамын ачуу маселесин талкуулашкан.

«Hunnu Air компаниясынын башкы директору Пуревжал Мунхжаргал 6-марттан тарта Улан-Батор — Бишкек — Улан-Батор багыты боюнча жумасына бир жолу каттамдарды ишке ашыруу планын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Александр Настаев жарандык авиация департаменти аталган багыттар боюнча аба каттамынын ачылышына ар тараптуу көмөк көрсөтөрүн белгилеп, монгол тарапка «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторуна каттамдарды ачуу, ошондой эле Кыргызстандын авиакомпаниялары менен кызматташуу сунушун берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты