Садыр Жапаров Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 21-июлда, президент Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун сүйлөшүүлөрү болду.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат берилди.

Маалыматта айтылгандай, тараптар эки жактуу кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде саясат, соода жана экономика, транспорт жана айыл чарба тармагын талкуулашты. Санариптештирүү, маданий-гуманитардык байланыштарды жана туризмди нүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

«Монголия менен ар тараптуу кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат” деп белгиледи Садыр Жапаров. Бул сапар саясий диалогду мындан ары да чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө күчтүү түрткү берерине ишенимин билдирди.

«Монголия үчүн Кыргызстан Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөш жана аймакты байланыштырган өзүнчө көпүрө болуп саналат. Биз бардык тармактарда, өзгөчө соода-экономикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулабыз деп белгиледи Монголиянын президенти.

Ухнаагийн Хурэлсух ошондой эле биргелешкен аракеттердин аркасында акыркы жылдарда саясий диалог жанданып, экономикалык кызматташтык динамикалуу мүнөзгө ээ болгондугуна канааттануусун билдирди.

Соңунда Монголиянын президенти азыркы мамлекеттик сапар оң динамиканын уландысы болуп, эки тараптуу алакалардын укуктук базасын чыңдоого, ошондой эле айыл чарба, маданият жана илим тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө багытталган жаңы документтерге кол коюу менен коштолооруна ишеним билдирди.   

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты