УКМК: Жаза аткаруу кызматынын кызматкери опузалап пара алууга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын кызматкери опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-февралда УКМК тарабынан Кырмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү боюнча (Опузалап пара алуу) катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жаза аткаруу кызматынын улук кызматкери О.И.К. пара алып жаткан жеринен кармалган.

Теришитирүүнүн жүрүшүндө О.И.К.нин коркутуу жолу менен №47 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан жарандан акча талап кылганы аныкталган.

«Мындан сырткары шектүү соттолгондун эркине каршы башка түзөтүү мекемесине өткөрүп берем деп коркутуп, 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин соттолгондордон акча алып турган, — деп айтылат маалыматта.

О.И.К УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты