Киши өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалды

  • 2 года мурун

Саламаттыкка атайылап залал келтирүү жана киши өлтүрүүгө аракет кылуу беренелеринин негизинде айыпталып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран Орусияда кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милициянын берген маалыматына караганда, 2014-жылы январь айында Аламүдүн районунун аймагында эки адам ур-токмокко кабылып, жабырлануучулардын бири денесине оор жаракат алган. Аталган кылмышка шектүү катары алты жаран кармалып, иш сот органдарына жөнөтүлгөн. Бирок шектүүлөрдүн ичинен экөө качып кетүүгө үлгүргөн. Алардын бири кийин чет өлкөдөн кармалып келген.

Качып кеткендердин бири, Чүй облусунун 29 жаштагы тургуну К.М.га карата 2014-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү”) жана 28-97-беренелери (“Киши өлтүрүүгө аракет кылуу”) боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

К.М. 2021-жылдын жайында Орусиянын Якутия Республикасында кармалган. 2022-жылдын февралында Кыргызстанга экстрадицияланып, тергөө абагына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты