УКМК: Каракол ШИИБинин эки кызматкери пара алуу фактысы менен кармалды

  • 2 года мурун

Каракол шаардык ички иштер бишкармалыгын эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каракол ШИИБинин тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты «Т.Б.Т» жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын капитаны «А.К.Т.» сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу үчүн акча каражатын талап кылышкан. 4-февралда аталган кызматкерлер пара алып жаткан жеринен кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесинин (Пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Түп райондук милициясынын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты