Бишкекте аялга кол салып, карактоого шектүү жаран кармалды (видео)

  • 2 года мурун

Бишкекте кичи райондордун биринде аялга кол көтөрүп, тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарта борбор калаадагы кичи райондордун биринде көп кабаттуу үйдүн кире беришинде турган аялдын жанына белгисиз адам келип, аны менен диалогго кирип, андан соң артынан кол салган видео тараган.

Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча 2-февралда К. С. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, 28-январь күнү кечки саат 21:00дөр чамасында белгисиз адам ага карата күч колдонуп, сумкасын тартып алганын, андан соң белгисиз тарапка качып кеткенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1977-жылы туулган Ж. С. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты