«Дайындалгандар шайлангандарды сындайбы?» ЖК Эдил Байсаловду тартипке чакырды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун парламент тууралуу айткандарын сынга алышты.

Депутат Нурлан Шакиев Байсаловду тартипке чакыруу тууралуу өкмөт башчыга жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылды.

«Эдил Байсалов парламенттин дарегине аябай катуу сындарды шакаба катары айтыптыр. Ушундай учурда парламент сөзсүз реакция жасашы керек. Анын парламент тууралуу андай ыксыз, обу жок, шакаба, шылдың сөздөрдү айтканга эч кандай укугу жок. Бизге акыл үйрөтө турган ал жигит эмес», — деди Шакиев.

Көк-Жар округунан шайланып келген депутат Өмүрбек Бакиров Министрлер кабинети популисттер отурчу жер эмес экенин айтып, Эдил Байсаловду өзүнүн түз милдеттери менен алектенүүгө чакырды.

«Бүгүн Министрлер кабинетинин мүчөлөрү өз милдеттерин аткарбастан, пиар, популизм менен алектенип жатышат. Аларды тартипке чакыруу — биздин милдетибиз», — деди Бакиров.

Депутат Исхак Масалиев болсо кызмат адамдарына парламентти сындоого мыйзам тыюу саларын белгилеп, Эдил Байсаловго чара колдонулушу керектигин билдирди.

«Мыйзам түздөн-түз тыюу салат. Бул жерде ага эскертүү эмес, чара колдонулушу керек. Мыйзамда так жазылган. Кызматын тапшырып каалагандай сүйлөсө болот. Аткаруу бийликтин өкүлү деген бул бир киши дайындаган адам. Эл шайлаган депутаттарга, жалпы Жогорку Кеңешке сын пикир айтканга укугу жок. Бул Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө кийлигишүү деп эсептелет, бул мамлекеттик кылмыш деп эсептелет. Чара колдонгондо керек болсо прокуратурага тапшыргыла».

Депутаттардын сунушу менен спикер Талант Мамытов президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул жагдайды териштирип, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилишин суранды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин аппаратына протоколдук тапшырма берди.

Эдил Байсалов буга чейин «Марал FM» радиосуна курган маегинде Жогорку Кеңеш, депутаттар тууралуу пикирин билдирген.

Ал Министрлер кабинетинин төрагасы болуп былтыр октябрда дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты