Ташиев: Ворухка эч кандай коридор берилбейт

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына эч кандай коридор берилбесин билдирди.

«[Баткен облусундагы] Ак-Сай айылынын күн чыгыш тарабында курулчу жолдун долбоору боюнча макулдашуу болот. Бул жолдун курулушу боюнча протоколдо так жазылган: аталган жолдун статусу эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик келишим менен аныкталат. Башкача айтканда, статус аныкталмайынча, жол курулбайт. Ал эми эки мамлекеттин ортосундагы жолдун статусун аныктоо президенттерге гана таандык. Биз аларга сунуш беребиз. Ошонун негизинде аныкташат», — деди Ташиев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-февралда парламент чек ара маселесин жабык карады. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер маалымат берди.

Мунун алдында бир катар депутаттар атайын кызматтын жетекчиси коомчулукта талкуу жараткан, Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавына жол куруу тууралуу жазылган №39 протокол жөнүндө түшүндүрмө беришин талап кылышкан.

Былтыр май айында эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында кол коюлган №39 протоколдо тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жолду биргелешип курууну макулдашканын Тажикстан тарап расмий кабарлаган. Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтөрү айтылган автожолду тажик тарап колдонот жана анын абалын карап туруу милдетин өзүнө алат.

Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги мындай чечим тажик жарандарынын жана алардын автоунааларынын тоскоолдуксуз кыймылын камсыз кылуу үчүн кабыл алынганын билдирген. Бул жолдун курулушу Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын тактоо иштери жыйынтыкталганга чейин башталышы керек.

Ал эми кыргыз бийлиги бул протоколго ылайык, Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворух анклавын байланыштырган айланма жол куруларын ырастаган. Бирок бул Ворухка коридор берилди дегенди түшүндүрбөй турганын, жер да, жол да кыргыз тараптыкы болорун, болгону тажик жарандарына ал жол менен каттоого уруксат берилерин маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты