Ташиев Тemirov Live командасынын кызматкерине жасалган шантаж боюнча комментарий берди

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Temirov Live командасынын кызматкерин шантаждоого эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, журналист Болот Темиров боюнча УКМК эч кандай маалымат тараткан эмес.

«Мунун баары калп. УКМК Темиров боюнча эч кандай маалымат тараткан эмес, маалыматы дагы жок. Ал ишти биз иликтеген жокпуз. Ал иш ИИМде — анын бизге эч кандай тиешеси жок. Шантаж боюнча ишти иликтеп жаткан органдан сурагыла», — деди Ташиев.

«Азаттык” радиосу, OCCRP жана Kloop медиасы биргелешип, Болот Темиров жана анын командасындагы адамдардын артынан жүргүзүлгөн аңдуулар, шантаж тууралуу иликтөө жасашкан. Анда 22-январда Болот Темировдун кармалышын “журналистке жана анын командасына каршы бир нече айлык аңдуунун жана басым көрсөтүүнүн кульминациясы” болгонун жазышкан.

Иликтөөдө «Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери» делген жаран Temirov LIVE тобунда иштеген кыз менен мамиле куруп, аны менен бирге өткөргөн түндү бир нече камерага тартып алганы айтылат. Андан кийин атайын кызматтын башка өкүлдөрү интимдик видеону кызга көрсөтүп, кызматташууга барбай турган болсо, аны жарыялай турганын айтып коркуткан. Ошондой эле иликтөөдө былтыр октябрь айында Болот Темиров жашап турган батирден санарип видеокамера, Wi-Fi роутери менен табылганы да айтылат. Ал камера конок бөлмөнү тартып турган.

Бир аптадан ашык убакыт мурун Темиров жана анын командасы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган.

«Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темадагы материалда «Кыргыз Петролеум Компани» мамлекеттик ишканасы “Регион Ойл” деп аталган компанияга мазут сатканы, жеке компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде 37 миллион сом тапканы айтылган.

Ташиев менен анын жакындары дооматтарды четке каккан.

Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй анын автору Болот Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты