Камчыбек Ташиев: Инимдин мандат тапшыруу маселесин шайлоочулары менен фракция чечет

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты, бир тууган иниси Шаирбек Ташивдин мандаты боюнча журналисттердин суроосуна жооп берди. Анда ал инисинин мандатын тапшырып-тапшырбасын шайлоочулары менен парламенттеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы чечерин билдирди.

«Анын өзүнүн шайлоочулары бар. Мен өзүмдүн оюмду айттым. Шайлоочуларынын, фракциянын чечимине мен кийлигише албайм», — деди Ташиев.

Буга чейин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Шаирбек Ташиевдин мандатына байланыштуу чечим Temirov LIVE деп аталган YouTube каналынын иликтөөсүндөгү маалыматтар текшерилгенден кийин кабыл алынарын билдирген.

Шаирбек Ташиев соңку парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №14 Жалал-Абад округунан шайланып келген жана парламенттеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына кошулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты