Түркияда кыргызстандык аялды өлтүрүүгө аракет кылды делген жаранга карата кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Түркиянын Стамбул шаарында 28 жаштагы кыргызстандык аялды өлтүрүүгө аракет кылды деген шек менен кармалган 40 жаштагы түрк жараны К. Т.га карата кылмыш иши козголду. Бирок шектүү өлкөдөн чыкпоо жана жабырлануучуга жакындабоо талабы менен камактан бошотулду. Бул тууралуу түркиялык DHA маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, окуя 17-январда Түркиянын Стамбул шаарындагы мейманканалардын биринде болгон. Аял менен кишинин ортосунда чыр чыгып, мейманкананын кызматкерлери бөлмөгө барганда аялдын моюну жана бети тилинип жерде жатканын көрүшкөн. Полиция дароо окуяга шектүү катары түркиялык кишини кармап, аял ооруканага жеткирилген.

Стамбул прокуратурасы «Атайылап киши өлтүрүү аракети» беренеси менен кылмыш-ишин козгоп, 29-январда сот отуруму өткөн. Анда шектүү ага коюлган айыптарды мойнуна албай, жабырлануучу өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылганын айткан.

Учурда кыргызстандык аялдын абалы оор экени айтылат. Маалыматка ылайык, ага бир нече операция жасалган. Саламаттыгы толугу менен калыбына келгенден кийин полицияга көрсөтмө берери айтылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты