Адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран 11 жылдан кийин Орусиядан кармалды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн жаран 11 жылдан кийин Орусиянын аймагынан кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМден билдиришкендей, 2010-жылдын 17-июнунда Ош облусунун Араван райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө азиат улутундагы, болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз аялдын жансыз денеси Дадахан айылынын пахта талаасындагы каналдын жээгинен табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Маркумдун өздүгүн аныктоо максатында жүргүзүлгөн тийиштүү иш-аракеттердин негизинде анын Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды каттоо департаментинин кызматкери 1980-жылы туулган Алия Темирбаева экендиги аныкталган.

Алгач маркум 2010-жылдагы июнь окуясынын кесепетинен каза болгон деп божомолдонгон.

Бирок тергөө-ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө адам өлтүрүүнүн жагдайлары аныкталган.

Тактап айтканда, бир-нече адамдан турган кылмыштуу топ 2010-жылдын 10-июнунда маркум А.Темирбаеваны Ош шаарынын четине алдап алып барышып, ал жерден күч колдонуп сабап, электрошокердин жардамы менен коркутуп, 10 миң доллар талап кылышкан.

Кылмышкерлер көздөгөнүнө жетпей, А.Темирбаеванын алтын-күмүш зергер буюмдарын алышып, колу-бутун байлап, Кара-Суу районундагы каналга ыргытып жиберишкени аныкталган.

Тергөө-ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө кылмышка тиешеси бар адамдар кармалып, сот тарабынан алардын бири 25 жылга, экинчиси 18 жылга эркинен ажыратылса, дагы бирөөсү оор кылмышты жаап жашыргандыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле бул оор кылмыштын активдүү шериктеринин бири изин жашырып качып кетүүгө үлгүргөн. Ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

2022-жылдын январь айында Араван райондук милициянын кызматкерлеринин ыкчам маалыматынын негизинде издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жери аныкталып, бул тууралуу ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүнө тийиштүү маалымат жиберилген.

2022-жылдын 21-январында издөөдө жүргөн жаран — Ош облусунун тургуну 1988-жылы туулган Айтиев Тилек Москва шаарында кармалган.

Учурда шектүүнү Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты