5000 сомдук жаңы акча жүгүртүүгө чыгарылат

  • 3 месяца мурун

2024-жылдын 10-майынан тартып улуттук валютанын жаңы бешинчи сериядагы 2023-жылдын үлгүсүндөгү номиналы 5000 сом банкнотун жүгүртүүгө чыгарат.  

Бул тууралуу улуттук банктан билдиришти.  

2023-жылдын үлгүсүндөгү 5000 сом банкнотунун алдыңкы бетинде кыргыздын залкар инсаны, актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун портрети, арткы бетинде «Ала-Тоо» кинотеатрынын имараты сакталган. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калган. 

5000 сом номиналындагы банкнот жасалма акча жасоодон ишенимдүү коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтый турганы белгиленди  

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш экени белгиленди.

5000 сомдук жаңы акча жүгүртүүгө чыгарылат

  

5000 сомдук жаңы акча жүгүртүүгө чыгарылат

Сүрөт: nbkr.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты