5% пара. Финансы министрлигинин бөлүм башчысы жана өкмөттүн мурдагы кызматкери кылмышка шектелүүдө

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан социалдык объектилерди курууда оррупциялык схеманы уюштурууга шектелген Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаковго карата козголгон кылмыш ишти териштирүүнүн жүрүшүндө, финансы министрлигинин капиталдык салымдарды пландаштыруу бөлүмүнүн башчысы К.А.М. жана өкмөттүн аппаратынын мурдагы кызматкери А.М.Б. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Көрсөтмөгө ылайык, Г.П.С. ЖЧК Чүй облусундагы Т.Каракеев атындагы орто мектепти курууга тендерди бергенден кийин, Т.Г.Т. аттуу жетекчисинде курулушту каржылоо жагынан мамлекеттин жогорку кызматкерлери тарабынан жасалма түрдө түзүлгөн схемалык көйгөйлөр болгон. Алардын негизги максаты мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча каражатынын бир бөлүгүн өзүлөрүнө ыйгарып алуу болгон.

Белгилей кетсек, К.А.М. курулушка мамлекеттик бюджеттен акча каражаттарды бөлүү, анын объектилерди аныктоо жагынан кеңири ыйгарым укуктарга ээ болгон.

Буга байланыштуу Т.Г.Т. жогорудагы кызмат адамдарына жалпы сумманын 5% өлчөмүндөгү акча каражатын же 1 млн 500 миң сом пара катары өткөрүп берген. 2022-жылдын 21-февралында бул иш боюнча К.А.М. жана А.М.Б. кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Сүрөт: Курулган мектептин имараты. УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты