Кыргызстан менен Корея өкмөттөрүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Корея Республикасынын өкмөтүнүн ортосунда Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, мыйзамда кабыл алынган кошумча макулдашуу кайтарымсыз жардам программаларын ишке ашыруу аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты