Бажы кызматынын башчысы Адилет Кубанычбеков эки айга камакка алынды

  • 2 года мурун

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 19-январда кабыл алды.

Адилет Кубанычбеков 17-январда атайын кызмат тарабынан коррупцияга айыпталып кармалган. УКМКнын маалыматына ылайык, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы да аныкталган.

Бул фактылар боюнча 17-январда Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгон.Кубанычбеков бул кызматка былтыр октябрь айында дайындалган. Ага чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.

Адилет Кубанычбековдун тарапташтары ал күнөөсүз экенин айтып, аны үй камагына бошотуу талабын коюшкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты