Нурсултан Назарбаев башаламандыктардан соң алгачкы ирет кайрылуу жасады (видео)

  • 3 года мурун

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев январь айынын башында орун алган башаламандыктардан соң элге алгачкы ирет кайрылуу жасады. Кайрылуу Элбашынын басма сөз кызматынын YouTube каналына жарыяланды.

Анда Назарбаев өлкөгө уюшкан экстремисттик топтор чабуул жасаганын, мындан тынч жаткан эл, өлкө жабыр тартканын айткан.

Өлкөнүн президенти Касым Жомарт Токаевдин чукул чараларынын натыйжасында тынчтык орнотулганын жана аны колдоо керектигин кошумчалаган.

Мындан тышкары Назарбаев 2019-жылы президенттин ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенин, ошондон бери пенсияда экенин билдирип, учурда өлкөнүн борборунда экенин, эч жакка кетпегенин маалымдаган.

«Январь айындагы окуялардын максаты өлкөнүн бүтүндүгүн бузуу экенин көрсөттү. Өлкөнүн көз карандысыздыгын сактоо канчалык маанилүү экенин көрдүк. Эми бул тополоңдорду ким уюштурганын аныктоо керек. Тергөө органдары бул суроолорго жооп берет. Бардык көз жумгандардын жакындарына көңүл айтам. Мен 2019-жылы президенттин ыйгарым укуктарын Касым Жомарт Токаевге өткөрүп бергем, ошондон бери пенсиядамын».

Акыркы күндөрү Казакстандын мурдагы президентинин жана анын жакындарынын кайда экени тууралуу түрдүү божомолдор айтылып келген. Нурсултан Назарбаев өзү акыркы жолу коомчулук алдына 28-декабрда чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты