ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен инфляциянын эң жогорку деңгээли Кыргызстанда белгиленди
- 3 года мурун
2021-жылдын декабрына карата ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин ичинен инфляциянын эң жогорку деңгээли Кыргызстанда белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети билдирди.
![Нет описания.](https://scontent.ffru3-1.fna.fbcdn.net/v/t1.15752-9/269993090_946695692646964_6470922915937283503_n.png?_nc_cat=103&ccb=1-5&_nc_sid=ae9488&_nc_ohc=KjOBHwMqxRAAX9UN47_&tn=y61b5AzBWb53TjvS&_nc_ht=scontent.ffru3-1.fna&oh=03_AVKU3HcA7Olx5kqLqAKCY5w8ngTSCZKtohpPhHsu-EnSYg&oe=620D4A4A)
2021-жылдын январь-декабрында Кыргызстанда экономиканын керектөө секторунда инфляциянын максималдуу деңгээли (11,2 пайыз) белгиленди. Анын ичинен өткөн жылда азык-түлүккө болгон баа 13,3 пайызга кымбаттап, жогорку чекти көрсөткөн.
Муну бөлүшүү