Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Кыргызпатентти бириктирүү пландалууда

  • 2 года мурун

Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматын (Кыргызпатент) бириктирүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Талант Иманов билдирди.

«Биз дары-дармек каражаттарын санарипке өткөрүп жатабыз жана Кыргызпатентти өзүбүзгө алууну пландоодобуз», — деди Иманов.

Белгилей кетсек, 18-январда комитет санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Талант Имановдун талапкерлигин колдоду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты