Санарип өнүктүрүү министрлиги: Байланыш каражаттарын каттоо үчүн 700 сом алынбайт

  • 2 года мурун

Санариптик өнүктүрүү министрлиги өлкөдө уюлдук телефондорду каттоодон өткөрүү үчүн 700 сомдон акы алынбай турганын билдирди.

Мекемеден белгилешкендей, ЖМК санариптик өнүгүү министрлиги коомдук талкууга алып чыккан мыйзам долбоорун туура эмес чечмелешкен.

«Электр жана почта байланышы тууралуу» жана «Лицензиялык-уруксат берүүчү система тууралуу» мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, байланыш каражаттарын мамлекеттик идентификациялоо системасы киргизилет.

Мыйзам кабыл алынгандан кийин өлкөдөгү бардык уюлдук телефондор аталган системада катталышы керек. Болбосо аны активдештиргенден 30 күн өткөндөн кийин колдонуучу үчүн байланыш операторлорунун кызматтары жеткиликсиз болуп калат. Бир телефонду системада каттоо 700 сом болот.

«Бул каттоо «колго жаңыланган» сапатсыз каражаттардын агымын жана аткезчилик жол менен келген телефондорду азайтууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары уурдалган байланыш каражатын аралыктан блоктоо жана анын кимге таандык экенин аныктоо мүмкүндүктөрү да жеткиликтүү болот» деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты