Санарип министрлигине “Коопсуз шаар” долбоору өткөрүлөт жана министрлик башка мекемелерди да координациялайт   

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Башкы прокуратура бир айлык мөөнөттө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин карамагына “Коопсуз шаар” маалыматтык системасын өткөрүп берет.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине төмөнкү уюмдардын мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу боюнча ишин координациялоо функциялары берилсин:

“Инфоком” мамлекеттик ишканасы, “Түндүк”, “Инфосистемс”, “Салык Сервис”, – “Электрондук саламаттык сактоо борбору”, “Адилет сот”,“Кадастр”   мамлекеттик мекемелери, –“АгроСмарт” санариптештирүү жана маркетинг борбору” “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканалары,   Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” муниципалдык ишканасынын координациялык функциясы берилди.

Министрлер кабинети үч айлык мөөнөттө ушул жарлыкты ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирет;

– ушул жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрөт;

– 2023-жылдын 1-декабрына чейин бизнес-коомчулуктун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк эксперттердин катышуусу менен “Санариптик Кыргызстан 2024–2030” стратегиясын иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизет.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты